Суданда каза тапкандардын саны 60 кишиге жетти
Судан армиясы элди чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таркаткан болчу.
Суданда коопсуздук күчтөрүнүн дүйшөмбү күнү баш калаа Хартумда армия штабынын алдындагы митингчилерди сүрүп чыгаруусунда каза тапкандардын саны 60 кишиге жетти.
Судандын Дарыгерлер комитетинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, коопсуздук күчтөрүнүн дүйшөмбү күнү эртең менен Хартумда армия штабынын алдындагы демонстранттарга бөгөт болуусунда жана андан кийин ооруканаларда каза тапкандар менен бирге набыт болгондордун саны 60 кишиге жеткендиги белгиленди.
Судан армиясы баш калаа Хартумдагы штабынын алдында бир канча жумадан бери митинг өткөргөн элди чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп таркаткан болчу.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.