Дональд Трамп Рамазан майрамы менен мусулмандарды куттуктады

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын президенти Трамптын майрамдык куттуктоосу билдирилди.

1213453
Дональд Трамп Рамазан майрамы менен мусулмандарды куттуктады

 АКШнын президенти Дональд Трамп Рамазан майрамына карата куттуктоо жарыялады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын президенти Трамптын майрамдык куттуктоосу билдирилди.

Жубайы Мелания Трамп менен мусулмандарды Рамазан майрамы менен куттуктагандыгын белгилеген Трамп : « Бул ыйык күн АКШдагы жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга, жакырларга жардам берүү, Аллага болгон ишеничтерин бекемдөө, ыбадат кылуу жана башка адамдар менен жакындашуу мүмкүнчүлүгүн берди»,- деди. Трамп куттуктоосун Рамазан майрамынын бүткүл мусулмандарга тынчтык жана эсендик алып келишин каалоо менен бүтүрдү.



Тектеш кабарлар