Түрк Кызылайынын Ооганстандагы жардамдары уланат

Түрк Кызылайы Ооганстандын түндүгүндөгү  жардамга муктаж 412 үй-бүлөгө жардам кутуларын таратты.

1212781
Түрк Кызылайынын Ооганстандагы жардамдары уланат

Түрк Кызылайы Рамазан-2019  Чет өлкөгө азык-түлүк жардам программасынын алкагында Ооганстандын түндүгүндөгү  жардамга муктаж 412 үй-бүлөгө жардам кутуларын таратты.

Мазари Шариф шаарындагы качкындар  лагериндеги кутуу таратуу иш-чарасына Түркиянын Мазари Шарифтеги башкы консулу Шевки Сечкин Алпай жана  Түркиянын Мариф фондунун Мазари Шарифтеги эркектер лицейинин директору Ахмет Сами Демир катышты.

Түрк Кызылайынын Ооганстан делегациясынын башчылыгынын билдиргенине караганда азык -түлүк кутуларынын 112синин Мазари Шарифтеги Фаряблыктар лагеринде,  222синин Шыбыргандагы институт жана Девлетабаттыктар лагеринде, 78нин болсо Фаряб облусуна караштуу Билчираг районунан табигый апаат жана согуштун себебинен Шибирганга көчүп райондун борборунда курушкан чатырларда жашоосун улантууга аракет кылышкан көчмөндөргө тапшырылганы билдирилди.

Суу май, күрүч, көк чай, шекер, төө бурчак, хурма жана балдардын велосипединен турган азык-түлүк кутуларынын рамазан бою Ооганстандын жалпысында бардыгы 2 миң даана таркатылганы айтылган жарыяда Түрк Кызылайынын аймактагы муктаждарга карай гуманитардык жардам иш-аракеттерин айырмачылык кылбастан уланта турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар