Индиянын эң бийик экинчи тоосунда 8 альпинист жоголду

Тийиштүү кыйзматкерлер тоодо көчкү түшкөн болушу мүмкүн экенин айтууда.

1212791
Индиянын эң бийик экинчи тоосунда 8 альпинист жоголду

Индиянын эң бийик экинчи тоосунда 8 альпинист жоголгону маалымдалды.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган маалыматтарга караганда Гималай кырка тоолорунда орун алган 7800 метр бийиктиктеги Нанда дөөсү тоосунда 13-майда чыга баштаган 4 англис, 2 амеркиалык, бир автралиялык жана бир индус альпинист жума күнү кайтуулары керек болгон камка келишкен жок. Бул боюнча альпинисттерди издөө иштери башталды.

Индиянын аба күчтөрүнө караштуу тик учактар да катышкан издөө иштерине бир топтон кийин аба-ырайы начарлап кеткендиктен тыныгуу берилди.

Тийиштүү кыйзматкерлер тоодо көчкү түшкөн болушу мүмкүн экенин айтууда.


Этикеткалар: #Индия , #альпинист

Тектеш кабарлар