АКШда кызамыктын жайылышы

Кызамык жайылган аймак саны 26га жетти.

1211924
АКШда кызамыктын жайылышы

АКШда Нью – Йорк шаары башта болуп, бир топ шаарда жайылган кызамык эпидемиясы боюнча 2019 -  жылдын башынан бери катталган  оорулуу саны миңге жетти.

Өлкөдө 2000 – жылы толугу менен жок болгондугу билдирилген кызамык бул жылы кайрадан чыкты.

Ооруну текшерүүгө алуу жана алдына алуу борбору бир топ шаарда жайылган кызамык тууралуу актуалдуу сандарды билдирди.

Кызамык жайылган аймак санынын 26га жеткендиги белгиленген маалыматта жалпы оорулуу санынын 971ге жеткендиги маалымдалды.

АКШда бул жылдын башынан бери катталган кызамык оорулуулары акыркы 25 жылдын эң жогорку катнашын түзүүдө.

Нью – Йорк шаарында айдын башынан бери өзгөчө еврейлер көп жашаган аймактарда жайылган кызамык оорусунан улам чукул абал жарыяланган.



Тектеш кабарлар