АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффриден Сирия тууралуу маалымат

Жеффри Ирандын Сириядагы аскерлеринен жана аймактагы союздаштарына карата коркутуулардан тынчсыздангандыгын билдирди.

1211010
АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффриден Сирия тууралуу маалымат

АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри Сирияда режимдин кайрадан химиялык курал колдонду деген ойлорго байланыштуу : «Так далилдерди таба турган болсок АКШ керектүү кадамдарды таштайт»,- деди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы абалдар сөз болгон отурумга катышкан Жеффри жыйындан кийин журналисттерге маалымат берди.

Идлибдеги кагылышуулардын эл аралык тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудургандыгын жана Идлиб макулдашуусунун жана ок атышпоонун дароо ишке ашышы керектигин баса белгилеген Жеффри Сирияда өз коопсуздугу үчүн аскердик операцияларды жүргүзгөн 5 өлкөнүн аскердик күчтөрүнүн бири бири менен бетме  - бет келүү тобокелчилигинин бар экендиги боюнча эскертти.

Сирияда режимдин кайрадан химиялык курал колдонгондугуна байланыштуу  да баа берген Жеффри : «Режимдин өз калкына карата химиялык курал колдонгондугуна байланыштуу так далилдерди тапсак АКШ керектүү кадамдарды таштайт»,- деди.

Жеффри Ирандын Сириядагы аскерлеринен жана аймактагы союздаштарына карата коркутуулардан тынчсыздангандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар