Конгодогу кеме кырсыгында каза болгондордун саны 47ге жетти
Каза болгондордун 22синин мугалимдер экендиги белгиленди.
1210466
![Конгодогу кеме кырсыгында каза болгондордун саны 47ге жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8995/e004/0d76/5a0465e372724.jpg?time=1718817239)
Конго демократиялык республикасынын батышындагы Маи - Ндомбе көлүндө жуманын акырында болгон кеме кырсыгында каза болгондордун саны 47ге жетти.
Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларга караганда Маи - Ндомбе көлүндө ишембиден жекшембиге өткөн түнү 350гө жакын жүргүнчүсү болгон кеменин чөгүшү менен каза болгондордун саны 30дан 47ге жетти.
Жетекчилер Инонго шаарына 10 милометр аралыкта чөккөн ашыкча жүктүү кемеден 185 жүргүнчүнүн куткарылгандыгын, 100 кишинин азыр да табыла электигин жарыялады.
Наи - Ндомбе губернатору Антоин Массамба жоголгон кишилерди табуу үмүтүнүн азайгандыгын, ушул себептен изилдөө - куткаруу иштерин эртең токтотушарын белгиледи. Каза болгондордун 22синин мугалимдер экендиги белгиленди.