Ирактын премьер - министри АКШ менен Иранга сапар менен барат

Ирактын премьер  - министри Адил Абдулмехди аймакта болгон акыркы абалдарды карап чыгуу үчүн жакында  АКШ жана Иранга сапар менен барарын билдирди.

1210390
Ирактын премьер  - министри АКШ менен Иранга сапар менен барат

Ирактын премьер  - министри Адил Абдулмехди аймакта болгон акыркы абалдарды карап чыгуу үчүн жакында  АКШ жана Иранга сапар менен барарын билдирди.

Абдулмехди борбор шаар Багдатта өткөргөн жумалык пресс  - жыйынында : «Жетекчилер менен жолугушуп аймактагы абалды карап чыгып жана болгон кризисти  таасирисз абалга алып келүү үчүн алдыбыздагы күндөрдө Вашингтон менен Тегеранга сапар менен барам»,- деди.

Иранга жасалган эмбаргонун жыйынтыктарынан алыс болуу үчүн Ирактын макулдашуу багытында кыймылга өткөндүгүн белгилеген Абдулмехди АКШнын президенти Дональд Трамптын акыркы билдирүүсүнүн «макулдашууну» камтыгандыгын, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтин Багдатка жасаган акыркы сапарында да абалдын такталгандыгын белгиледи.

Абдулмехди АКШ президентинин «макулдашууну камтыган билдирүүсү» менен эмнени айткысы келгендигин айтпастан Трамп Япония сапарында премьер  - министр Шинзо Абе менен Иран маселесин да карап чыгышкандарын белгилеп : «Ирандан көптөгөн кишини тааныймын. Булар мыкты адамдар. Ирандын ошол эле лидерлик менен мыкты өлкө болуу мүмкүнчүлүгү бар. Режимдин өзгөрүшүн, өзөктүк курал каалабайбыз, бир гана муну ачыкка чыгарууну каалайбыз»,- деген.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф ишемби күнү Багдатта Ирактын президенти Берхем Салих менен жолугушкан.

Ирактын президенттик басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда жолугушууда «согушка тоскоол болуу жана аймакта чыңалуунун түшүрүлүшү» үчүн аткарылышы керек болгондор каралган.



Тектеш кабарлар