Жасалма ичкиликтин кесепети
Жасалма ичкиликтен алты кишинин каза тапканы билдирилди.
1209558
Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш провинциясында жасалма ичкиликтен алты киши каза болду.
Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, полиция кызматкери Ажай Сахни, провинциянын Барабаки аймагындагы бир дүкөндөн сатып алган ичкиликтерди ичкен 6 кишинин каза тапканын билдирди.
Сахни бир эле дүкөндөн сатып алып ичкен берки 5 кишинин да ооруканада дарыланып жаткандарын белгиледи.
Ассам, Уттар-Прадеш жана Уттаракханд провинцияларында февраль айында жасалма ичкиликтен орто эсеп менен 250 киши каза тапканкан болчу.