Амазондогу токойлор жок болуп баратат

Бул өсүүнүн 20 пайызга жеткени белгиленди.

1209608
Амазондогу токойлор жок болуп баратат

Түштүк Америкада Амазондогу токойлордун жок болушу акыркы 9 айда 20 пайыз өстү.

Амазон токойлорундагы азаюу жана жандуу түрлөрүнүн жок болушуна байланыштуу иликтөө жүргүзгөн Имазондун акыркы изилдөөсүнө караганда 2018-жылдын август айынан 2019-жылдын апрель айына чейин аймактагы орто эсеп менен 2 миң чарчы километрдик токойдун жок болгону жана бул өсүүнүн 20 пайызга жеткени белгиленди.

Адистер токой аянттарынын жок болушуна «көзөмөлсүз бак-дарактардын кесилиши жана отурукташуу жерлеринин курулуусу» себеп болгонун билдиришсе, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару активисттик топтордун максатынын Амазон токойлорун коргоо эмес Бразилиянын экономикалык потенциалына тоскоол болуу экенин айткан эле.

Экология министри Рикардо Селлес ушул айдын башында жарыялаган билдирүүсүндө, Амазон токойлорун коргоо жана токойлордун жок болушуна каршы күрөшүү үчүн фонд түзө тургандарын жана бул фондго каражат табуу максатында Германия менен Норвегияга сапар жасай турганын маалымдаган болчу.  



Тектеш кабарлар