Йеменде 10 күндүн ичинде 27 бала өлтүрүлдү
Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 - жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.
ЮНИСЕФтен берилген маалыматта Йеменде күч колдонуудан улам 10 күндүн ичинде 27 баланын каза болгондугу белгиленди.
ЮНИСЕФ балдардын борбор шаар Санага Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция учактары тарабынан жасалган абадан кол салууларда жана хусилердин коалиция ишке ашырган Йемендин батышындагы күйүүчү май станциясына жасалган кол салууда каза болгондугун билдирди.
Йеменде жарандар жашаган жерлердин бутага алуунун токтотулушун суранган ЮНИСЕФ өлкөдө балдар үчүн коопсуз бир жердин жок экендигин, өлүмдүн үйдө, мектепте жана оюн аянттарында балдардын артында экендигин баса белгиледи.
Узун убакыттан бери саяий ыраатсыздык жүрүп жаткан Йеменде хусилер 2014 - жыл сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана башка кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган.
Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 - жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.