Европа Парламентине шайлоолор аяктады

Шайлоолордун кечээки акыркы күнүндө 20 өлкөдө шайлоочулар шайлоого катышышты.

1208888
Европа Парламентине шайлоолор аяктады

Төрт күнгө созулган Европа Парламентинин (ЕП) шайлоолору аяктады.

Шайлоолордун кечээки акыркы күнүндө 20 өлкөдө шайлоочулар шайлоого катышышты.

400 миллион шайлоочудан орто эсеп менен 51 пайызы, ЕПнин 751 мүчөсүн белгилөө максатында добуш берди.

Расмий болбогон алгачкы жыйынтыктарга караганда Европанын жалпысында центрист оңчулдар жана социал демократтардын добуштары азайды, ашкере оңчул партиялардын добуштары артты.

Францияда шайлоонун жеңүүчүсү ашкере оңчулдар болду.

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда ашкере оңчул Улуттук биримдик партиясы 23,3 пайыздык добуш алып биринчилике ээ болду.

Президент Эммануэль Макрон курган бийликтеги Республика жүрүшү партиясы экинчи орунду алды.

Шайлоо жыйынтыктарынан кийин Улуттук биримдик партиясынын жетекчиси Марин Ле Пен, президент Макронду мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Грецияда болсо премьер-министр Алексис Ципрастын СИРИЗА партиясы добуштарын башкаларга алдырып койду.

СИРИЗАнын оппозициядагы Жаңы демократия партиясынан 9 балл артта калышынан кийин премьер-министр Ципрас мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жарыялай турганын билдирди.

Германиядагы алгачкы жыйынтыктарга караганда Жашылдар партиясы 22 пайыздык добушка жетишип биринчиликти алды.

Христиан биримдик партиялары менен Социал демократтар добуштарынын көбүнөн ажырады.

Ашкере оңчул AFD болсо добуштарын 3,4 пайызга арттырды.

Ашкере оңчулдар күчтөнгөн башка бир өлкө Италия болду.

Коалициялык өкмөттүн өнөктөшү ашкере оңчул көз караштагы Лиг партиясы шайлоону жеңген тарап болду.

ЕПде 73 орундукка эгедер Италияда алгач ирет ашкере оңчул көз караштагы саясий партия шайлоодон биринчиликти алып чыкты.

БРЕКСИТ (Англиянын Европа Биримдигинен чыгуусу) процессиндеги Англияда болсо ашкере оңчул БРЕКСИТ партиясы шайлоодон жеңиш менен чыкты.

Бийликтеги консервативист партия болсо добуштарынын көбүнөн ажырап 5-орунду алды.

Бельгияда ашкере оңчул партиялар шайлоого из калтырды.

Жикчил жана оңчул көз караштагы Жаңы Фламан шериктештиги шайлоодон жеңиш менен чыкты.

Венгрияда болсо качкындарга каршы экендиги менен таанылган премьер-министр Виктор Орбандын партиясы Фидец жана өкмөттө орун алган Христиан демократиялык элдик партиясынын шериктештиги добуштардын 52 пайызын алып, биринчи болду.

Нидерландияда болсо Франс Тиммерманс лидерлик кылган Жумушчу партиясы жеңиш менен чыкты.

Гриит Вильдерс жетектеген ашкере оңчул Эркиндик партиясы болсо добуштарын алдырып жиберди жана Парламенттеги 4 орундугунан дагы ажырады.

Көпчүлүгүн Түрк жана мигранттар түзгөн Денк партиясы парламентке мүчө жибере алган жок.

Испанияда болсо шайлоонун жеңүүчүлөрү социалисттер болду.

Социалист жумушчу партиясы добуштардын 33 пайызына жакынын алып шайлоонун жеңүүчүсү болду.

Даниядагы ЕП шайлоолорунда өкмөттөгү Венстре партиясы 23,5 пайыздык добушка ээ болуп орундук санын 2ден 4кө чыгарып тарыхый ийгиликке жетишти, башкы оппозициядагы Социал демократ партиясы болсо 21,5 пайыздык добушка ээ болуп 3 орундугун сактап калды.

Бул өлкөдө 5 жыл мурдагы шайлоолордо чоң жеңишке жетишкен ЕПде 4 орундукту ээлеген ашкере оңчул Дания элдик партиясы бул шайлоодо жеңилүүгө учурады. Добуш катнашы 10,7 пайызга түшкөн Дания элдик партиясы ЕПде бир гана орун менен өкүлдүк кылынат.



Тектеш кабарлар