Трамп менен Пелосинин кайым айтышуусу...

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Өкүлдөр Палатасынын демократ төрагасы Нэнси Пелоси кайым айтышууда.

1207360
Трамп менен Пелосинин кайым айтышуусу...

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Өкүлдөр Палатасынын демократ төрагасы Нэнси Пелоси, бири-бирилерине «акыл эси ордунда болбогону» боюнча акаарат кылышты.

Трамп, өзүнө «Орусия териштирүүсүн жаап жашырып койгону» кылмышын багыттаган Пелосиге катуу каршылык көрсөтүшү менен башталган каяша айтышуу, бул экөөнүн ортосунда акаараттарды камтыган чууга айланды.

Пелоси, өзү жана айрым демократ эл өкүлдөрү менен Ак үйдө өткөргөн жолугушууну Трамптын Орусия тергөөсүнө каршылык көрсөтүп жарым калтырышынан кийин, "өлкөнүн тынчтыгы» үчүн Трамптын «тең салмаксыз» мамилелерине үй-бүлөсүнүн кийлигишүүсү керектигин айтып чыкты.

Трамп болсо жооп кайтарууну кечиктирген жок. Пелоси үчүн «жинди» жана «ишке жарабас» сөздөрүн айтып, көптөн бери байкап жүргөн Пелосинин мурдагысындай болбогонун жана акыл эси кемигенин айтты.

Нэнси Пелоси буга жоопту социалдык медиа платформасы Твиттер барагынан берди.

Пелоси мыскылдуу бөлүшүүсүндө, «Абдан ырааттуу болсо дагы, качан гана президент сыяктуу мамиле кыла баштаса ошондо гана өзү менен инфраструктура, соода жана башка темалар боюнча иштеше баштайм»,-деди.

Трамп менен Пелосинин кайым айтышуусу АКШнын медиасында «акаараттар абада секирүүдө», «өлкөнүн шайланган эң жогорку эки ысымы бири-биринин акыл эсин сынап жатат» түрүндө орун алды.



Тектеш кабарлар