Иранда жасалма спирттик ичимдиктен алты киши каза болду

Иран мыйзамдарына караганда спирттик ичимдик чыгарган, алып же саткандар абак жана камчы жазасына тартылууда.

1206939
Иранда  жасалма спирттик ичимдиктен алты киши каза болду

Кхабаронлине маалымат сайтына маалымат берген Исфахан медициналык билимдер университетинин ректору Тахире Ченгиз аймакта жасалма спирттик ичимдиктен алты кишинин каза болгондугун, отуз жети кишинин да уулангандыгын белгиледи.

Мусулман жарандар үчүн спирттик ичимдик ичүү жана сатууга тыюу салынган Иранда спирттик ичимдиктер мыйзамсыз жолдор менен өлкөгө киргизилгендей эле кээ бир үйлөрдө да жасалууда.

Иран мыйзамдарына караганда спирттик ичимдик чыгарган, алып же саткандар абак жана камчы жазасына тартылууда.

 



Тектеш кабарлар