Украинада эрте шайлоо болот
Зеленский токтомду бекитти.
1205730
Украинанын президенти Владимир Зеленский, 8-Чакырылыштагы парламентти таркаткан токтомго кол койду.
Буга караганда өлкөдө 21-июлда эрте шайлоо өткөрүлөт.
Президенттиктин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Владимир Зеленскийдин 8- Чакырылыштагы парламентти таркаткан токтомго кол койгондугу маалымдалды.
Токтомго ылайык Украинада 21-июлда эрте парламенттик шайлоо өткөрүлөт.
Өткөн айдагы президенттик шайлоону жеңген Зеленский 20-май дүйшөмбү күнү парламентте ант берип кызматын расмий баштаган болчу.