Скотт Миллер: «ДЕАШ Ооганстан жана аймак үчүн абдан коркунучтуу уюм»

НАТОнун Ооганстандагы командири Скотт Миллер, борбор калаа Кабулда маалымат жыйын өткөрдү.

1206300
Скотт Миллер: «ДЕАШ Ооганстан жана аймак үчүн абдан коркунучтуу уюм»

НАТОнун Ооганстандагы командири Скотт Миллер: «Террордук уюм ДЕАШ (ИШИМ) Ооганстан жана аймак үчүн абдан коркунучтуу уюм»,-деди.

Миллер борбор калаа Кабулда өткөргөн маалымат жыйынында НАТО күчтөрүнүн ооган күчтөрүнө колдоо көрсөтүп ДЕАШ уюмуна кысымды арттыра тургандарын билдирди.

Скотт Миллер: «ДЕАШ Ооганстан жана аймак үчүн абдан коркунучтуу уюм»,-деди.

ДЕАШтын иш-аракеттерин көргөн бардык жерде жок кыла тургандарын айткан Миллер, бул теманы кылдат байкап жаткандарын баса белгиледи.

Террордук уюм ДЕАШтын Ооганстандын чыгыш жагындагы облустарда ишин жүргүзгөнү белгилүү.

 



Тектеш кабарлар