Индияда куралдуу кол салуу болду
Индияда куралдуу кишилер тарабынан тузак салынып 11 киши каза тапты.
Индияда куралдуу кишилер тарабынан тузак салынып арасында Аруначал Прадеш мыйзам чыгаруучу парламенттин мүчөсү Тиронг Абох да орун алган 11 киши каза тапты.
Ытанагар полициясы акыркы шайлоолордо кайрадан талапкер болгон, Улуттук калк партиясынын (NPP) Тирап аймагынын парламент мүчөсү Тиронг Абохтун конвоюна кол салуу болгонун жарыялады. Богапани айылындагы кол салууда автоматтар менен атылып арасында Абох, туугандары жана партиянын кызматкерлери да болгон 11 киши каза болду.
Жергиликтүү басма сөзгө чыккан кабарларда кол салуунун жикчил Нагаланд Улуттук социалист кеңешинин мүчөлөрү тарабынан уюштурулгандыгы ыктымалдуулугуна токтолуп жаткандары маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.