Өрттүн себебинен 30 дүкөн күйүп кетти

Малайзияда базар аянтында өрт чыкты.

1204975
Өрттүн себебинен 30 дүкөн күйүп кетти

Малайзиянын баш калаасы Куала-Лумпурдагы бир базар аянтында чыккан өрттүн себебинен 30 дүкөн жок болду.

Куала-Лумпурдун Издөө жана куткаруу бөлүмүнүн башчысы Л. Логесваран, жергиликтүү убакыт боюнча саат 01.30 чамасында чыккан өрттүн 15 мүнөттүн ичинде өчүрүлгөндүгүн билдирди.

Өрттөн жабыркагандардын катталбагандыгын белгилеген Логесваран, базар аянтындагы 30 дүкөндүн күйүп кеткендигин айтты.

Тилсиз жоонун себеби болсо азырынча аныктала элек.

Куал-Лумпурдун борборундагы Инд мечитинин жанында курулган базарда Рамазан майрамына карата кийим-кечелер сатылып жаткан.



Тектеш кабарлар