Иран байытылган урандын көлөмүн 4 эсеге арттырды

2015 -  жылы кол коюлган Иран өзөктүк келишими боюнча Тегеран башкаруусу колунда 300 килограмм иштетилген уран чогулганда муну өлкө тышына чыгаруу менен милдеттүү.

1205277
Иран байытылган урандын көлөмүн 4 эсеге арттырды

 Иран байытылган урандын көлөмүн 4 эсеге арттырды.

Иран Атом Энергиясынын катчысы Бехруз Кемалвенди өлкөсүнүн кечээтен баштап Натанз өзөктүк борборунда 3, 67 пайыздык катнашта уранды байытуу боюнча өндүрүшүн төрт эсеге чыгаргандыгын белгиледи.

Кемалвенди ушундайча бир канча жуманын ичинде Ирандын бул деңгээлдеги уран запасынын 300 килограммдык чегин ашарын билдирди.

2015 -  жылы кол коюлган Иран өзөктүк келишими боюнча Тегеран башкаруусу колунда 300 килограмм иштетилген уран чогулганда муну өлкө тышына чыгаруу менен милдеттүү.

Иран бул келишим боюнча уранды байытуу даражасын 3, 67 пайызда кармап турууну кабыл алган. Бул көлөм өзөктүк куралдардын өндүрүлүшү үчүн керектүү болгон 90 пайыздык байытуу даражасынан абдан төмөн.

Ирандын Натанз жана Фордодогу өзөктүк комплекстеринде уранды байытуу көлөмү бар. 2015 -  жылдагы өзөктүк келишимине чейин Фордодо 15 жыл уранды байытуу ишине уруксат берилбестен, Натанздагы комплекстерде 10 уранды байытуу үчүн керектүү болгон 5 миң катуу жана суюк заттарды бөлүү аппаратынын иштешине уруксат берилген. 2015  өзөктүк келишиминен кийин Иран уран запастарын бир тараптуу катары 15 жылдык убакыт үчүн 98 пайыздык катнашка түшүрүп, 300 килоргаммга чейин азайткан. Келишимден мурда Ирандын колунда 10 өзөктүк бомба өндүрө турганчалык уран болгон. Бирок 300 килограммдык уран өзөктүк бомба чыгарууга жетпей жаткан.



Тектеш кабарлар