Австралиядагы шайлоону мурдагы бийлик кайра жеңип алды
Австралиядагы парламенттик шайлоону бийликтеги премьер-министр Скотт Моррисон жетектеген Либераль-Улуттук партия коалициясы жеңди.
Австралиядагы парламенттик шайлоону бийликтеги премьер-министр Скотт Моррисон жетектеген Либераль-Улуттук партия коалициясы жеңди.
Шайлоо комиссиясы жарыялаган расмий болбогон жыйынтыктарга караганда 6 жылдан бери бийликте турган Либераль-Улуттук партия коалициялык өкмөтү 41,6 добушка ээ болду жана 151 орундуктуу Өкүлдөр палатасына 74 эл өкүлүн киргизе алды.
Башкы оппозициядагы Жумушчу партиясы 33,4 добуш менен 66 эл өкүлүн парламентке киргизди.
Шайлоодо Жашылдар партиясы 10,3 добушка ээ болуп 1 орундук, көз карандысыздар болсо 5 орундукка ээ болду.
Акыркы жылдарда өткөрүлгөн бардык сурамжылоолордо башкы оппозициядагы Жумушчу партиясынын эң аз 2 балл артында көрүнгөн партиясын бийликке алып бара алган премьер-министр Скотт Моррисон, шайлоо жеңишин жарыялаган Сиднейдеги сөз сүйлөөсүндө, «Мен ар дайым кереметтерге ишендим»,-деп айтты.
Башкы оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Билл Шортен, шайлоолордогу ийгиликсиздигинин артынан Мельбурнда партиялаштарына кайрылуусунда жетекчиликти таштаганын жарыялады.