Путин Трамп менен жолугушууга даяр

Путин Трамптын сөздөрүнө жооп берди.

1202083
Путин Трамп менен жолугушууга даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Япониянын Осака шаарында өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолугушууга даяр экенин айтты.

Сочиде маалымат берген Путин, Трамптын өзү менен Осакада жолугуша алаары жөнүндөгү сөздөрүнө жооп берди.

Эң жакынкы мөөнөттөгү жолугушуу мүмкүнчүлүгүн Осакадагы Чоң жыйырмалыктын саммитинде таба тургандарын айткан орусиялык лидер: «Эгерде АКШ тарап, ушул сыяктуу атайын сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр болсо, буга чейин бир канча жолу айтканымдай бул сүйлөшүүлөрдү Вена менен катар баардык жерде өткөрүүгө даярбыз»,-деди.

Япония биринчи жолу кожоюндук кыла турган Чоң жыйырмалыктын саммити 28-29-июнда өткөрүлөт.

Трамп аптанын башында жарыялаган билдирүүсүндө, Чоң жыйырмалыктын саммити убагында Орусиянын президенти Владимир Путин жана кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен жолугушууну каалаганын белгилеген эле.



Тектеш кабарлар