Дональд Трамп Түштүк Кореяга сапар менен барат

Трамптын Түштүк Кореяга сапарынын так күнү билдирилген жок.

1202668
Дональд Трамп Түштүк Кореяга сапар менен барат

АКШнын президенти Дональд Трамп келерки айда Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин менен Түндүк Кореянын өзөктүк куралдардан тазаланышы жана кызматташуусу темаларын сүйлөшүү үчүн Түштүк Кореяга сапар менен барат.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын президенттик кеңсесинен берилген маалыматта Трамптын июнь айынын акырында Японияда өтө турган чоң жыйырмалар саммити үчүн аймакка жасай турган сапарынын бир бөлүгү катары Түштүк Кореяга да барууну пландагандыгы белгиленди.

Президенттиктин катчысы Ко Мин-Джуна : «Эки лидер Корея жарым аралынын өзөктүк куралдардан толугу менен тазаланышы жана Түштүк Корея  - АКШ союздаштыгын күчтөндүрүү жолу менен туруктуу бир тынчтыктын түзүлүшүнө карата жолдорду сүйлөшүүнү пландап жатат»,- деди.

Ко Сеул жана Вашингтондун Трамптын жакында жарым аралга жасай турган сапарынын негизинде кошумча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашышкандарын айтты.

Ак үйдөн берилген маалыматта болсо Трамп менен Мундун Түндүк Кореянын өзөктүк куралдардан акыркы жана толугу менен тазаланышында ийгиликтүү болуу аракеттерине карата жакын кызматташууну улантары жана эки өлкөнүн арасындагы союздаштыкты колдоо тууралуу сүйлөшөрү белгиленди.

Трамптын Түштүк Кореяга сапарынын так күнү билдирилген жок. Чоң жыйырмалар саммити Япониянын Осака шаарында 28 – 29 -  июнда өткөрүлөт.

Трамп 2017 -  жылдын ноябрь айында Азия саякатынын экинчи аялдамасы болгон Түштүк Кореяга барган.



Тектеш кабарлар