Путин өлкөсүнүн энергетика коопсуздугуна карай жаңы доктринасына кол койду

Путиндин бекитиши менен күчүнө кирген доктринада Орусиянын эл аралык энергетикада коопсуздугуна карай долбоорлордо орун алышынын чет өлкөлөр тарабынан чектелгени белгиленген.

1201284
Путин өлкөсүнүн энергетика коопсуздугуна карай жаңы доктринасына кол койду

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн энергетика коопсуздугуна карай мамлекеттик саясатында негизги элементтер белгиленген жаңы доктринасына кол койду.

Путиндин бекитиши менен күчүнө кирген доктринада Орусиянын эл аралык энергетикада коопсуздугуна карай долбоорлордо орун алышынын чет өлкөлөр тарабынан чектелгени белгиленген.

Айрым чет өлкө жана мекемелердин, өзгөчө мунай зат жана жаратылыш газ секторунда Орусия кошулган долбоорлорго атаандаштык кылынганы белгиленген доктринада, Орусиянын фирмаларынын глобалдык энергетика базарларында туш болгон бөлүүчүлүктүн жоюлушу керектигине басым жасалган.

Евразия Экономикалык Биримдиги жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөр менен интеграциянын өнүктүрүлүшү боюнча буйрук берилген доктринада, Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын экономикалары БРИКС, Шанхай Кызматташтык Уюму, Жаратылыш Газ Экспорттогон Өлкөлөр Форуму жана Мунай зат Экспорттогон Өлкөлөр Уюму (ОРЕС) менен кызматташтыктын тереңдетилишинин маанисине басым жасалган.

Орусиянын суюлтулган жаратылыш газ (LNG)  секторунун дагы өнүктүрүлүшү керектиги белгиленген доктринада, энергетика тең салмактуулугунда гидрокарбон булактарын талаптоонун азайганы, ошондуктан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын өнүктүрүлүшүнүн маанисине токтолгон.

Путин, 2017-жылы берген маалыматында Орусияга багытталган санкциялар жана LNG секторундагы өнүгүүлөрдөн улам жаңы доктрина даярдалышынын буйругун берген болчу. Өлкөнүн энергетика коопсуздугуна карай мындан мурдагы доктрина, 2012-жылы ушул эле Путин тарабынан бекитилген.


Этикеткалар: #Путин , #Орусия

Тектеш кабарлар