Орусиянын президенти В. Путин менен АКШНын мамлекеттик катчысынын жолугушуусу

Жолугушуу Путиндин Путиндин Сочидеги Бочаров Ручей резиденциясында өттү.

1201733
Орусиянын президенти В. Путин менен АКШНын мамлекеттик катчысынын жолугушуусу

Орусиянын президенти В. Путин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушту.

Путиндин Сочидеги Бочаров Ручей резиденциясында өткөн жолугушуу 1 жарым саатка созулду.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков жолугушуу тууралуу журналисттерге берген маалыматында Орусия менен АКШнын карым  - катнаштарын оңдоо жана байланыш каналдарын кайрадан баскыч түрүндө курууну жакташкандарын билдирди.

Жолугушууда АКШнын Орусияга каршы санкцияларына токтолушкандарын белгилеген Ушаков Орусияга санкция салып жана ошол эле учурда Орусиядан америкалыктар үчүн пайдалуу боло турган бир нерсе аткарууну суранышынын мүмкүн эмес экендигин айтты.

АКШнын атайын  прокурору Роберт Мюллердин отчетунун Орусияны АКШда болгон шайлоого кийлигишүү менен айыптоосунун орунсуз экендигин көрсөткөндүгүн белгилеген Ушаков бул жагдайда АКШ башкаруусу менен олуттуу бир диалог куруу жолунда алдыга жылууну улантышарын белгиледи.

В. Путин менен Помпеонун өзөктүк куралдардын азайтылышы тууралуу келишим New Start тууралуу абалды да карашкандарын айткан Ушаков жолугушууда Путиндин АКШнын Иран өзөктүк келишиминен чыгышына  Орусиянын нааразы экендигин айткандыгын билдирди. Ушаков Путиндин Помпео менен Сирия, Афганстан, Иран, Ливия, Түндүк Корея жана Венесуэладагы абалды да карап чыгышкандарын белгиледи.

Ушаков : «Путин Афганстан маселесинин чечилишинин абдан кыйын болгондугун, процесстин кыйынчылык менен бара жаткандыгын, Талибандын күчүнүн арткандыгын белгиледи. Тактап айтканда биздин бул жерде активдүү түрдө кызматташтык түзүүбүз жана бул өлкөдө күч тең салмактуулугун куруубуз керек»,- деди.

Түркиянын Орусиядан С  - 400 абадан коргонуу ракета системасын сатып алгандыгы тууралуу да токтолгон  Ушаков : «Америкалыктардын каршы экендигин билебиз. Бир канча ай мурда түзүлгөн келишимдин ылдам түрдө  турмушка ашырылышы улантылууда. Азырынча эч бир ийгиликсиздик жок»,- деди.



Тектеш кабарлар