АКШ Ирактагы элчилигин бошотууда
Элчилик жекшемби күнү жарыялган маалыматта АКШ жарандарына «арткан араздашуулардан улам» Иракка саякат тууралуу эскерткен
1201868
АКШнын Мамлекеттик департаменти Багдат элчилигиндеги бардык экинчи даражадагы кызматкерине Ирактан чыгышын билдирди.
АКШнын Багдат элчилигинин интернет сайтында орун алган маалыматта Иран менен Басра булуңунда күч алган аскердик араздашуудан улам дипломатиялык өкүлчүлүктө ылайыктуу жана чукул милдет аткарбаган бардык кызматкерлерге өлкөдөн чыгуу жолдомосунун берилгендиги белгиленди.
Жолдомо Вашингтон башкаруусунун өткөн жумада Ирандын жана аймакта ал үчүн кыймылга өткөн күчтөрдүн АКШ жарандарын жана кызыкчылыктарын бутага алган кол салууларды пландагандыгы билдирилгенден кийин келди.
Элчилик жекшемби күнү жарыялган маалыматта АКШ жарандарына «арткан араздашуулардан улам» Иракка саякат тууралуу эскерткен.