Петр Порошенок - Столтенберг жолугушуусу

Украинада өткөн айда болгон президенттик шайлоодо жеңилген жана кызматын өткөрүп берүүгө даярданган президент Петр Поршенко НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

1201025
Петр Порошенок  - Столтенберг жолугушуусу

Украинада өткөн айда болгон президенттик шайлоодо жеңилген жана кызматын өткөрүп берүүгө даярданган президент Петр Поршенко НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

Украинанын президенттик басма сөзүнөн берилген маалыматта Порошенко менен Столтенбергдин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушкандыгы билдирилди. Жолугушууда Украинанын НАТОго мүчө болуу саясатынын өзгөрбөгөндүгү жана керектүү планды ишке ашырууга даяр экендиги белгиленди.

Украина менен НАТОнун Кара деңиз жана Азов деңизинде коопсуздук тууралуу кызматташуунун өнүктүрүлүшү мааниси белгиленген жолугушууда украиналык моряктардын эркин койо берилиши максатында Орусияга жасалган кысымдын арттырылышы керектиги баса белгиленди.

Кара деңизде Керч кысыгынын жакындарында өткөн жылы ноябрь айынын акырында Орусиянын аскердик кемелери Украина аскердик кемелерине эрежелерди бузду деген ырастоо менен куралдуу кийлигишүүдө болуп, Украина деңиз күчтөрүнө таандык 3 кемедеги аскердик кызматкерди камоого алган. Москвадагы Лефортовский соту Украина аскерлеринин 24 -  июлга чейин камоодо болушуна чечим чыгарган.

Украинада болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында куудул В. Зеленский добуштардын 73, 22 пайызын алып шайлоонун жеңүүчүсү болгон, атаандашы жана учурдагы президент Петр Порошенко болсо добуштардын 24, 45 пайызын алган.

Шайлоодо жеңиш менен чыккан Зеленскийдин бул айдын акырына чейин ант берип президенттик кызматын башташы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар