Индонезияда алтын кенинде жер көчкү болду
Жер көчкүдө 5 киши каза болду.
1201048
Индонезиянын Батыш Ява аймагында мыйзамсыз иштетилген алтын кенинде болгон жер көчкүдө 5 киши каза болду.
Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо аймактын Богор аймагында мыйзамсыз иштетилген алтын кенинде жекшемби күнү катуу жамгыр жаашы жол ачкан жер көчкүдө 5 кишинин каза болгондугун белгиледи.
Изилдөө - куткаруу иштеринде 3 кишинин куткарылгандыгын билдирген Нугрохо аймактагы элден кенде 20га жакын кишинин бар экендиги тууралуу маалымат алышкандарын билдирди. Жоголгон кишилерди куткаруу иштери улантылууда.