Трамп менен Си Цзиньпин Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолугат

Дональд Трамптын экономика кеңешчиси Лерри Кудлов, июнь айынын акырында Японияда боло турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде Трамп менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин жолугушуусу күтүлгөнүн айтты.

1200303
Трамп менен Си Цзиньпин Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолугат

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын малекет башчысы Си Цзиньпиндин Японияда боло турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолугуша ала тургандары билдирилди.

Дональд Трамптын экономика кеңешчиси Лерри Кудлов, июнь айынын акырында Японияда боло турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде Трамп менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин жолугушуусу күтүлгөнүн айтты.

Американын «Fox News» каналында чыккан программага катышкан Кудлов, АКШ менен Кытайдын ортосунда уланган соода келишими боюнча сүйлөшүүлөргө токтолду.

Эки өлкөнүн тийиштүү кызматкерлеринин ортосундагы сүйлөшүү уланганын белгилеген Кудлов: «Япониядагы Чоң жыйырмалыктын саммитинде эки мамлекет башчы чоң ыктымалдуулук менен жолугушат»,-деди.

Трамп менен Синин жолугушуусу күтүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммити Япониянын Осака шаарында 2019-жылдын 28-29-июнь күндөрүндө болмокчу.

АКШ менен Кытайдын ортосунда уланган соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө эң акыркы жолу жума күнү Ак үйдө жолугушуулар өткөрүлдү, бирок тараптар натыйжа чыгара албай кетишти.

АКШнын президенти Трамп, Твиттерден бөлүшүсүндө: «Си Цзиньпин менен ортобуздагы карым-катнаш абдан күчтүү. Жолугушуулар уланат. АКШ келечектеги сүйлөшүүлөргө тийиштүү түрдө ишке ашырган санкцияларды жое алат, балким эч жойбойт»,деп жазган.

АКШ, Кытай менен болгон сүйлөшүүлөрдө абдан аз жылыш болгонун себеп көрсөтүп, 200 миллиард доллардык Кытай товарына 10 пайыз түрүндө коюлган бажы салыгын 25 пайызга чыгарганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар