ЕБнин атуулдарынын 43 пайызы ашкере оңчулдарды коркунуч катары эсептейт

Коомдук пикирди изилдөө мекемеси YouGov, Германия, Франция, Бельгия, Испания, Италия, Польша жана Венгрияда орто эсеп менен 8 миң кишиге сурамжылоо жүргүздү.

1200332
ЕБнин атуулдарынын 43 пайызы ашкере оңчулдарды коркунуч катары эсептейт

Европалыктардын 43 пайызы материктин жалпысында ашкере оңчулдардын жогорулоосун коркунуч катары кабыл алганы белгилүү болду.

Коомдук пикирди изилдөө мекемеси YouGov,  Германия, Франция, Бельгия, Испания, Италия, Польша жана Венгрияда орто эсеп менен 8 миң кишиге сурамжылоо жүргүздү.

Сурамжылоодо ЕБнин атуулдарынын 43 пайызынын ашкере оңчулдардын (радикал нацисттер) Биримдиктин жалпысында жогорулоосун коркунуч катары эсептегени белгилүү болду.

Ашкере оңчулдардын жогорулоосун коркунуч деп эсептөө эң жогору болгон өлкө Германия (56 пайыз) катары алдыңкы планга чыкса, Германиядан кийин Швеция (48 пайыз) жана Испания (45 пайыз) орун алды.



Тектеш кабарлар