Түндүк Корея жаңы ракеталарын сынады

Түндүк Пхеньян аймагынан чыгыш тарапка ракеталар атылды.

1198112
Түндүк Корея жаңы ракеталарын сынады

Түндүк Корея баш калаа Пхеньяндын батышындагы бир аймактан чыгышты көздөй ракета атты.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.30да Түндүк Пхеньян аймагынан чыгыш тарапка ракеталарды аткандыгы белгиленди.

Билдирүүдө ракеталардын абалынын аныктала алынбагандыгы сөз кылынды.

Пхеньян башкаруучулугу, 4-майда Чыгыш деңизге карай бирден ашуун кыска аралыкка учуучу ракета аткан болчу.

Түндүк Кореянын расмий KCNA агенттигинде орун алган кабарда, Вонсан шаарында өткөрүлгөн машыгууга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын байкоо салгандыгы маалымдалган эле.



Тектеш кабарлар