Король Салман Кытайдын президенти менен сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

1197902
Король Салман Кытайдын президенти менен сүйлөштү

Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз, Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен аймактык жана эл аралык маселелерди сүйлөштү.

Сауд Арабиянын расмий SPA агенттигинин кабарына караганда, король Салман менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Эки лидер аймактагы акыркы кырдаалды талкуулап, эл аралык маселелерди карап чыгышты.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин, эл аралык темаларда жана жалпы маселелерде тынымсыз кызматташуунун маанисин баса белгиледи.

Сауд Арабиянын 2020-жылдагы Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине кожоюндук кылаарына токтолгон Цзиньпин, бул абалга стратегиялык карым-катнаштарда жаңы ойлорду жаратуучу кадам деп баа берди.



Тектеш кабарлар