БУУ, Иран менен түзүлгөн «ядролук келишимдин» корголушун үмүт кылууда

Хаг, күнүмдүк басма сөздү маалыматтандыруусунда Ирандын ядролук келишимдеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотуу чечимин чыгарганы боюнча сереп салды.

1197830
БУУ, Иран менен түзүлгөн «ядролук келишимдин» корголушун үмүт кылууда

БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хаг, аймактык жана эл аралык тынчтык жана коопсуздукка салым кошконун белгилеген «Иран ядролук келишимдин» корголушун үмүт кылгандарын айтты.

Хаг, күнүмдүк басма сөздү маалыматтандыруусунда Ирандын ядролук келишимдеги убадаларынын бир бөлүгүн токтотуу чечимин чыгарганы боюнча сереп салды.

 JCPOA деп аталган Иран ядролук келишиминин ядролук куралсыздануу темасында чоң дипломатиялык ийгилик болгонун белгилеген Хаг: «JCPOA аймактык жана эл аралык тынчтык жана коопсуздукка салым кошту. Баш катчы келишимдин корголушун үмүт кылууда»,-деди.

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф, кечээ АКШнын кыска мөөнөт мурда чыгарган санкция киргизүү токтомдорунан кийин дароо өлкөсүнүн ядролук келишимдеги убадаларынын айрымдарын токтото турганын жарыялады.

Зариф: «Ядролук келишимдин 26-чы жана 36-беренелериндеги убадаларды токтотуу чечимибиз, АКШнын 4-майда чыгарган жаңы чечимине байланыштуу. Бул санкция менен сөзү болгон беренелердин ишке ашышы мүмкүн эмес. Америкалыктардын Ирандын ядролук келишимине конструктивдүү мамиле кылбаганын жана бул мамиленин улана турганы ачык көрүнүүдө»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар