Трамп Орбан менен жолугат
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, Трамп-Орбан жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.
![Трамп Орбан менен жолугат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1f4c/23ec/56a6/5cd27b451491b.jpg?time=1718783174)
АКШнын президенти Дональд Трамп, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды 13-майда Ак үйдө кабыл алат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, Трамп-Орбан жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Трамптын Орбанды 13-май дүйшөмбү күнү Ак үйдө тосуп алаары белгиленген билдирүүдө, жолугушууда соода, энергетика жана кибердик коопсуздук менен катар көптөгөн темада эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тармактарынын кеңири карала турганы маалымдалды.
Качкындарга каршы билдирүүлөрү менен таанылган Венгриянын премьер-министри Орбан АКШда 2016-жылдагы президенттик шайлоо процессинде Трампка колдоо көрсөткөнүн биринчилерден болуп жарыялаган европалык лидердин бири эле.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718783174)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.