Венесуэлада аскердик кийлигишүүгө эч ким колдоо көрсөтпөйт

Финляндиядагы Рованиеми шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушуусунан кийин журналисттерге маалымат берген Лавров, кесиптеши менен стратегиялык ырааттуулукка карай темаларды карагандарын белгиледи.

1196306
Венесуэлада аскердик кийлигишүүгө эч ким колдоо көрсөтпөйт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Венесуэлада аскердик кийлигишүүгө эч кимдин колдоо көрсөтпөгөнүн белгилеп, «Ар ким ээ болгон бул түшүнүк саясатка айланат жана аскердик жол менен чечүү болбойт. Болбосо бул апаат болот»,-деди.

Финляндиядагы Рованиеми шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушуусунан кийин журналисттерге маалымат берген Лавров, кесиптеши менен стратегиялык ырааттуулукка карай темаларды карагандарын белгиледи.

Венесуэлага карай кандайдыр бир аскердик кийлигишүүнүн башка өлкөлөрдөн колдоо таппаганын айткан Лавров: «Мен, америкалык, европалык, латын америкалык кесиптештерим менен болгон сүйлөшүүлөрүмдө, Венесуэлага карай опсуз аскердик чечүүчү жолду колдогондорду кездештирген жокмун. Ар ким ээ болгон бул түшүнүк чыныгы саясатка айланат жана аскердик чечүүчү жол болбойт деп ойлойм. Болбосо бул апаат болот»,деген серебин салды.

Помпео менен болгон жолугушуусунда Венесуэлага АКШнын аскердик кийлигишүү ыктымалдуулугу каралып каралбаганы жөнүндөгү суроого жооп берген Лавров, жолугушууларда коомдук пикирде чыккан айтымдарды эске албагандарын айтты. Лавров: «Жолугушууда чыныгы саясатка токтолдук жана ийгиликтүү болдук»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар