Ооганстанда Талибан менен кагылышуу

Талибандын мүчөлөрүнүн полициялык пунктка кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты.

1196493
Ооганстанда Талибан менен кагылышуу

Ооганстандын түндүк-чыгыш жагында террордук уюм Талибандын мүчөлөрүнүн полициялык пунктка кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты.

Тахар губернаторлугунун басма сөз катчысы Мухаммед Жевад Хижри, террористтердин Чарсиха аймагынын Хожа Бахаддин районундагы полициялык пунктка кол салуусунан кийин кагылышуу башталганын айтты.

Кагылышууда 8 полиция каза тапканын айткан Хижри, кошумча бөлүктөрдүн аймакка келиши менен террористтердин мизи майтарылганын маалымдады.


Этикеткалар: #Ооганстан , #Талибан

Тектеш кабарлар