Франциянын президенти Еммануэль Макрон Орусиянын Европа Кеңешинде калышын каалагандыгын айтты

Макрон Орусия жана Кеңештин бири бирине карата жоопкерчиликтерин орундатышы керектигин айтты.

1196676
Франциянын президенти Еммануэль Макрон Орусиянын Европа Кеңешинде калышын каалагандыгын айтты

Еммануэль Макрон Елиссей сарайында Европа Кеңешинин башкы секретары Торбьерн Ягланд менен биргелешкен пресс жыйын өткөрдү.

Европа Кеңешинин 70 жылдыгын белгилегендигин эске салган Макрон : «Орусиянын Европа Кеңешинде калышын каалаймын. Европа Кеңеши менен Орусия бири бирине муктаж»,- деди.

Макрон Орусия жана Кеңештин бири бирине карата жоопкерчиликтерин орундатышы керектигин айтты.

Ягланд да Европа Кеңешинин 70 -  жылын белгилөөдөн кубанычтуу экендигин айтып, Кеңештин жана Европа Адам Укуктары Сотунун аймакта маанилүү роль ойногондугун белгиледи.

Орусиянын 2014 -  жылы Крымды басып алышы менен Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясындагы орус делегациясынын добуш берүү укугу алынган болчу.

Орусия да бул санкцияга каршылык катары 2016 -  жылдан баштап улуттук делегация жибербөө чечимин чыгаргандыгын Европа Кеңешинин жылдык 33 миллион евро болгон бюджетине салым кошуу үлүшүн төлөөнү четке каккан.

2017 -  жылдан бери бюджетке салым кошуу үлүшүн төлөбөгөн Орусиянын Европа Кеңешинин эрежелери боюнча Кеңештин иш алып баруу органы болгон Министрлер Комитети тарабынан мүчөлүктөн чыгарылуу ыктымалы  бар.



Тектеш кабарлар