Берлиндеги мечитке ок жиберилди

Берлин полициясынын бул тууралуу териштирүү баштагандыгы билдирилди.

1194363
Берлиндеги мечитке ок жиберилди

Германиянын борбор шаары Берлинде бир мечитке коркутуу максатында ок жиберилди.

Ислам коомунун улуттук көз карашка таандык Гази Осман Паша мечитинин коом төрагасы Али Шенел журналисттерге берген маалыматта Neukölln районундагы мечитке Жаңы Зеландиядагы террордук кол салуудан кийин үч жумадан бери коркутуу жана акааратты камтыган каттардын келгендигин айтты.

Ушул боюнча абалды полицияга билдиришкендигин белгилеген Шенел акыркы болуп октун келишинен кийин жамаат катары тынчсызданышкандарын айтты. Шенел жыл сайын Рамазан айында берген ооз ачуу чакырууларын жоюп же жойбоо тууралуу коомдун башкаруусу катары сүйлөшүшөрүн белгиледи.

Берлин полициясынын бул тууралуу териштирүү баштагандыгы билдирилди.

Немис медиасы Берлин аймактык ички иштер сенатору Андреас Гейзельдин Жаңы Зеландиядагы  кол салуудан кийин борбор шаардагы мечиттердин коопсуздугу тууралуу жаңы бир план даярдаткандыгын белгилеген.

Федералдык жумушчулар министрлиги да Германияда өткөн жылы мусулмандарга жана мечиттерге карата 800дөн ашуун кол салуу болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар