Афганстанда Талибан кол салуусу
Кол салууда 2 коргоочунун каза болгондугу билдирилди.
1194035
Талибан террористтеринин Афганстандын түндүгүндөгү Жүзжан аймагынын Акча районуна карата кол салуусунда 2 коргоочунун каза болгондугу билдирилди.
Акча акими Гулам Сахи Субхани басма сөзгө берген маалыматта террористтердин Акча борборуна кол салуусу менен 2 коргоочунун каза болгондугун айтты. Кол салуудан кийин чыккан кагылышууда 13 террористтин өлтүрүлгөндүгүн айткан Субхани 3 коргоочунун да жаралангандыгын белгиледи.
Талибандан берилген маалыматта болсо кол салууда 16 аскердин каза болгондугу же жаралангандыгы билдирилди.