Венесуэладан Эрдоганга ырахмат айтылды

Тышкы иштер министри Хорхе Арреаза, социалдык медиа барагынан президент Эрдогандын Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптаган билдирүүлөрүн бөлүштү.

1193324
Венесуэладан Эрдоганга ырахмат айтылды

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза, өлкөсүндөгү төңкөрүш аракетине каршы көрсөткөн «чечкиндүү жана ачык колдоосу» үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга ырахматын айтты.

Тышкы иштер министри Хорхе Арреаза, социалдык медиа барагынан президент Эрдогандын Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптаган билдирүүлөрүн бөлүштү.

Билдирүүлөргө ыраазы болгонун айткан Арреаза: «Президент Эрдоганга эл аралык укукка жана тынчтыккка көрсөткөн чечкиндүү жана ачык колдоосу менен Венесуэладагы демократияга көрсөткөн урмат-сый үчүн ырахмат айтабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, социалдык медиа барагынан билдирүүсүндө: «Бул өлкөдө элдин эгемен экенин белгилеп, Венесуэлада постмодерн колониалдык губернатор дайындоо аракетинде болгондор билип коюшсун өлкөнүн кантип башкарыла турганыны демократиялык шайлоо менен белгиленет.Төңкөрүштөр менен күрөшкөн өлкө катары Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптайбыз»,-деп сереп салган болчу.



Тектеш кабарлар