Өлкөдө болгон төңкөрүш аракети жазасыз калбайт

Мадуро, борбор шаар Каракастагы президентттик сарайы Мирафлоресте коргоо министри Владимир Падрино жана Куруучу парламент төрагасы Диосдадо Кабело менен жолугуп, «Элге кайрылуу» сөзүн сүйлөдү.

1193224
Өлкөдө болгон төңкөрүш аракети жазасыз калбайт
juan guaido.jpg
nicolas maduro1.jpg

Венесуэланын президенти Николас Мадуро, өлкөсүндө болгон төңкөрүш аракетинин жазасыз калбай турганын билдирди.

Мадуро, борбор шаар Каракастагы президентттик сарайы Мирафлоресте коргоо министри Владимир Падрино жана Куруучу парламент төрагасы Диосдадо Кабело менен жолугуп, «Элге кайрылуу» сөзүн сүйлөдү.

Николас Мадуро, төңкөрүш аракетин токтоткону, берилгендиги жана тартиптүү мамилесинен улам Венесуэла армиясына ырахматын айтты.

Кечээ, Ла Карлотта аба базасында болгон кагылышууларга токтолгон Мадуро, «Басма сөздө, Ла Карлотта аскердик аба базасынын алынганы жөнүндө кабарлар чыкты, бирок Ла Карлотта аба базасы эч качан алынган жок»,-деди.

Мурдагы оппозициячыл Леопольдо Лопездин төңкөрүштү башкарганын белгилеген Мадуро, кагылышууларда оппозициячылдардын чыныгы ок колдонгондоруна жана коопсуздук күчтөрүн бутага алганына көңүл бурду.

Мадуро, оппозициянын баш аламандык кылгысы келгенин белгилеп, «Бул төңкөрүш аракети жазасыз калбайт, өлкөнүн Республикалык башкы прокурору менен сүйлөштүм. Бул иш үчүн өзгөчө 3 эл аралык прокурор дайындадым жана алар учурда бул окуяга аралашкан ар кимди териштирип жатат жана териштирүүнү жүргүзүшүүдө. Конституция жана коомдун тынчтыгын бутага алгандыгы боюнча соттолушат»,-деп айтты.

Кагылышуу болгон жерге алып барылган аскерлердин 80 пайызынын алданганын айткан Мадуро, аскерлер алдангандарын байкап калышканда аскердик унааларын ал жерден чыгарып кетип төңкөрүшчүлөргө колдоо көрсөтпөгөндөрүн билдирди.

Бир тараптан Венесуэалада өзүн президент деп жарыялаган парламент төрагасы Хуан Гуайдо, Мадуронун армия тарабынан колдоого алынбаганын айтып чыкты.

Гуайдо, социалдык медиа барагынан бөлүшкөн видеодо, кечээ таңга маал элди жана армияны көчөгө чакыруунун натыйжа бергенин белгилеп, «Көчөлөрдө болобуз, бул жер биздин жерлер. Эртең бардык венесуэлалыктар көчөдө болушат»,-деп айтты.

Гуайдо өкмөт алмашканга дейре көчөлөрдө митингдер улана турганына басым жасады.

Бул учурда Венесуэлада мурдагы оппозициячыл лидер Леопольдо Лопездин Чилинин Каракастагы расмий резиденциясынан Испаниянын Элчилигине кеткени маалым болду.

Чилинин тышкы иштер министри Роберто Ампуэро, социалдык медиа барагынан бөлүшүсүндө «Лопездин жубайы Лилиан Тинтори жана испан тектүү Леопольдо Лопез Испаниянын Элчилигине кетишти»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар