Иран менен Орусия аскердик машыгуу өткөрөт

Эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызматташуу уланып жатат.

1192466
Иран менен Орусия аскердик машыгуу өткөрөт

Ирандын Деңиз күчтөрү командири контр-адмирал Хүсейин Ханзади, Орусиянын Деңиз күчтөрү менен Араб деңизинде биргелешкен аскердик машыгуу өткөрө тургандарын айтты.

Ханзади баш калаа Тегеранда өткөргөн маалымат жыйынында, Инди океанынын уландысы болгон Араб деңизинде Орусия менен өткөрө турган аскердик машыгууга байланыштуу маалымат берди.

Иран менен Орусия флотторунун ортосунда көбүнчө окутуу, техникалык жана операциялык темаларда кызматташуунун уланып жатканын белгилеген Ханзади: «Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде чыгыралган чечимге караганда Орусиянын Деңиз күчтөрүнө таандык деңиз флоту быйылкы жылы Ирандын түштүгүнө барат жана чогуу биргелешкен машыгуу өткөрөбүз»,-деди.

Инди океанына жээктеш өлкөлөрдүн жыйналышынын алкагында да бул жерде машыгуу өткөрө тургандарын айткан Ханзади: «Эл аралык суулар бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө таандык жана ар ким бул жерлерди тынчтыкчыл максатта колдоно алат. Иран мунай танкерлерин жерибиздин бир бөлүгү катары эсептейбиз. Ушундан улам Иран флоту бул танкерлерди коргойт»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар