Шайлоодо үкөк кызматкерлери чарчоодон каза тапты

Индонезияда 17 -  апрелде болгон шайлоодон кийин добуштарды саноо процессинде 367 үкөк кызматкери чарчагандыктан каза болду.

1191884
Шайлоодо үкөк кызматкерлери чарчоодон каза тапты

Индонезияда 17 -  апрелде болгон президенттик жана депутаттарды шайлоо учурунда жана андан кийин ашыкча жумуш жүгүнөн улам чарчаган 367 шайлоо жана коопсуздук кызматкери каза болду.

Ашыкча жумуштан улам 2 миң 151 шайлоо кызматкеринин да ооруп калышына жол ачкан, каза болгондор кызматкерлердин 70 пайызынын жашынын 40тан ашуун экендиги белгиленди.

Каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө 36 миллион рупи, ооругандарга да 8, 25 менен 30 миллион рупи компенсациянын төлөнөрү билдирилди.

Ошол эле учурда Индонезиянын вице  - президенти Юсуф Калла эки шайлоонун бир күндө өткөрүү чечиминин каралып чыгылышы керектигин билдирди.

Индонезияда 2014 -  жылы чыгарылган соттун чечимине таянуу менен өлкө тарыхында биринчи жолу жалпы шайлоо жана президенттик шайлоо бир күндө өткөрүлдү.

Шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 5 башка үкөктө добуш берген шайлоо үчүн 800 миңден ашуун борбордо 7 миллион кишини милдеттендирди.



Тектеш кабарлар