Индонезиядагы сел жана жер көчкү

Индонезиянын батышында кечээ катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны 31ге жетти.

1191852
Индонезиядагы сел жана жер көчкү

Индонезиянын батышында кечээ катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны 31ге жетти.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинен берилген маалыматта катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел жана жер көчкүлөрдөн улам акыркы бир канча күндө Бенгкулу шаарында 29, борбор шаар Жакартада да 2 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Апааттан улам 13 киши жоголгон Бенгкулуда 12 миңден ашуун кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондугу белгиленген маалыматта Жакартада болсо 2 миңден ашуун кишинин жерлеринен кеткендиги билдирилди.

Изилдөө куткаруу иштерине миңдеген кишинин катышкандыгы бирок жардам иштеринин электр үзгүлтүгү, жабылган жолдор менен апааттан таасирленген түрдүү аймактардын ортосундагы узун аралыктан улам тоскоолдукка учурагандыгы белгиленди.

Бенгкулудагы кишилердин каза болушунда жер көчкүнүн себеп болгондугу тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Агенттиктен кечээ берилген маалыматта аймактагы сел жана жер көчкүдөн улам 184 үйдүн жана 4 мектептин кулагандыгы, көп сандаган жол менен көпүрөнүн да зыян тарткандыгы маалымадалды.



Тектеш кабарлар