Сирия тууралуу 12 - кепилдер жыйыны
БУУнун Сирия атайын өкүлү Геир О. Педерсен биринчи жолу катышкан сүйлөшүүлөргө БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы, Кызы Крест жана Иордания өкүлдөрү байкоочу катары катышууда.
![Сирия тууралуу 12 - кепилдер жыйыны](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5159/9628/e246/5cc2a39b239d2.jpg?time=1718617592)
Казакстандын борбор шаары Нур Султанда өткөрүлгөн Сирия тууралуу 12 - кепил өлкөлөр жыйыны кепил өлкөлөрдүн өкүлдөрү, Башар Асад режими менен аскердик оппозиция делегациясынын эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрү менен улантылууда.
Экинчи күнү Башар Жаферинин жетекчилигиндеги режим жана аскердик оппозиция делегациялары да ар башка сүйлөшүү өткөргөн жыйын Түркия убактысы боюнча саат 07:00 чамаларында Түркия, Орусия жана Ирандын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү менен башталды.
Түрк делегациясына тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал желекчилик кылууда. Орусия делегациясы президент В. Путиндин Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Иран делегациясын болсо тышкы иштер министринин орун басары Али Ашгар Хаджи жетектөөдө.
БУУнун Сирия атайын өкүлү Геир О. Педерсен биринчи жолу катышкан сүйлөшүүлөргө БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы, Кызы Крест жана Иордания өкүлдөрү байкоочу катары катышууда.
Жыйындын күн тартиби Идлиб араздашууларды азайтуу аймагы жана Сириянын түндүк - чыгышындагы абал, Конституциялык Комитеттин түзүлүшү тууралуу иштердин акырына чыгарылышы, кагылышкан тараптардын ортосунда ишенимди арттыруучу чаралар, качкындардын кайтышы, адамзаттык абал жана согуштан кийин кайрадан куруу иштери түздү.
Түркия, Орусия жана Ирандын ортосундагы Астана сүйлөшүүлөрү 2017 - жыл январдан бери жүргүзүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Израилдин Газага карата кол салуулары](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/21eb/b345/76ed/666fd65e4de3d.jpg?time=1718617593)
Израилдин Газага карата кол салуулары
Газанын ар кайсы жерлерине түнү менен жасалган кол салууларда ондогон палестиналык өлтүрүлдү.