Принц Уильям Нур мечитине барды

Уильямдын мечитке жасалган кол салуудан кутулган мусулмандар менен да жолугушкандыгы билдирилди.

1190562
Принц Уильям  Нур мечитине барды

Британия тактысынын экинчи  принци принц Уилиям Жаңы Зеландияда террордук кол салууга бута болгон Нур мечитине барды.

Англис коомдук басма сөз органы БиБиСинин кабарына караганда 2 күндүк Жаңы Зеландия сапарынын негизинде Крайстчерчтеги Нур мечитине барган Уильям мечиттерге карата террордук кол салууну «сүрөттөлүшү мүмкүн болбогон бир жек көрүү кыймылы» деп мүнөздөдү. Уильям ашыкча оңчул террористтин максатына жетүүдө ийгиликсиз болгондугун көрсөтүү үчүн мечитти зыярат кылгандыгын белгилеп : «Террорист биримдиктин символу болгон жерге жек көрүү жана бөлүүчүлүктүн уругун себүүгө аракет кылды»,- деди.

Принц Уильямды  мечитке баруусунда Жаңы Зеландиянын премьер  - министри Жасинда Ардерн коштоду.

Уильямдын мечитке жасалган кол салуудан кутулган мусулмандар менен да жолугушкандыгы билдирилди.

Британиянын ханышасы 2 -  Елизабет Жаңы Зеландиянын да мамлекет башчысы абалында.

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Нур жана Линвуд мечиттерине 15 -  мартта жасалган террордук кол салууларда 50 киши каза болуп, 50 киши жараланган.



Тектеш кабарлар