Путин менен Ким жолукту

Эки лидер Орусиянын Владивосток шаарында жолугушуу өткөрдү.

1189590
Путин менен Ким жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукту.

Орусиянын Владивосток шаарында жайгашкан Ыраакы Чыгыш Федералдык университетиндеги жолугушуунун алдында сөз сүйлөгөн президент Владимир Путин, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өлкөсүнө жасаган сапары өз ара карым-катнаштарды бекемдей турганын белгиледи.

Путин: «Бул сапардын, Корея жарым аралындагы абалды кантип чече алаарыбызды, чогуу эмнелерди жасай ала турганыбызды, Орусиянын учурдагы процесске колдоо көрсөтүүсү үчүн эмнелерди кыла ала турганын дагы жакшы түшүнүүгө жардамчы болооруна ишенем»,-деп айтты.

Москванын Түндүк Кореянын Түштүк Корея жана АКШ менен болгон карым-канташтарын нормалдаштыруу аракеттерине ыраазы экенин айткан Путин: «Албетте Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы диалогду жана Түндүк Корея-АКШ карым-катнаштарын нормалдаштыруу аракеттерин ыраазычылык менен кубаттайбыз»,-деди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын болсо, Путин менен жолугушуунун Корея жарым аралындагы маселенин чечилүүсүнө жана эки тараптуу карым-канташтардын өнүктүрүлүшүнө жардамчы болоорун белгиледи.

Ким Чен: «Корея жарым аралындагы абал бүткүл дүйнө коомчулугун кызыктырат. Жолугушууларыбыз бул абалга чогуу баа берүү жана пикир алмашуу үчүн маанилүү иш-чара болот деп ойлойм»,-деп айтты.

Катуу коопсуздук чаралары көрүлгөн Владивосток шаарындагы Путин менен Кимдин ортосунда өткөрүлгөн жыйын биринчи жолу ишке ашты.



Тектеш кабарлар