Шри-Ланкадагы жардырууларды 7 жанкечти ишке ашырган

Шри-Ланкадагы кечээки кол салууларда 290 киши каза болуп, 500дөн ашуун киши да жаракат алды.

1187858
Шри-Ланкадагы жардырууларды 7 жанкечти ишке ашырган

Шри-Ланкада Пасха майрамында чиркөө жана отелдерге болгон террордук кол салууларды 7 жанкечтинин ишке ашырганы билдирилди.

Шри-Ланканын Соттук экспертиза мекемесинин кызматкери Ариянанда Велианга, кечээ эртең мененки убактарда чиркөө жана отелдерди бутага алган 6 бомбалуу кол салууну 7 жанкечтинин ишке ашырганын маалымдады.

Велианга окуя болгон жерден чогултулган бөлүктөр боюнча жүргүзүлгөн анализдерде жанкечтилик кол салуу болгондугу аныкталганын белгиледи.

Отел жана чиркөөлөрдө жандуу бомбалардын дене бөлүктөрүнүн табылганын айткан Велианга, баш калаа Коломбонун четиндеги конок үйү жана асма көпүрөнүн жанында болгон жарыялуулардын болсо иликтенип жатканын билдирди.

Шри-Ланкадагы кечээки кол салууларда 290 киши каза болуп, 500дөн ашуун киши да жаракат алды.



Тектеш кабарлар