Грузияда ГЭСтин курулушуна каршы митинг өткөрүлдү

Грузияда курулушу пландалган гидро электр станциясына каршы өткөрүлгөн митингде жаралангандардын саны 55ке жетти.

1187720
Грузияда ГЭСтин курулушуна каршы митинг өткөрүлдү

Грузияда курулушу пландалган гидро электр станциясына каршы өткөрүлгөн митингде жаралангандардын саны 55ке жетти.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Акхмета районуна караштуу Биркиани айылынан өткөн Алазани дарыясына курулушу ойлонулган ГЭСтен улам өткөрүлгөн митингде аймактын тургундары менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында чыккан кагылышууда 55 киши жараланды.

Маалыматта : «55 кишиге медициналык жардам берилди. 23 полиция Телави шаарындагы ооруканада дарыланууда»,- деп билдирилди.

"Khadori-3" аттуу ГЭСтин курулушу үчүн аймакка барган фирма жетекчилеринин жолу эл тарабынан тосулган. Ушул боюнча аймакка чакырылган атайын күчтөр менен митингчилердин арасында кагылышуу чыккан.

Мурунку күнү кечки сааттарда ички иштер министри Георгий Гахариянын окуя болгон жерге барып аймактын тургундары менен өткөргөн жыйындан кийин абал тынчып атайын күчтөр бөлүктөрү аймактан кеткен.

Биркиани айылынын тургундары экологияга болгон сезимталдуулуктан улам Алазани дарыясына курула турган ГЭСке каршы чугууда.



Тектеш кабарлар