Жаралуу палестиналыктын ооруканага алып барылышына тоскоол болушту

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериада кийлигишүү учурунда чыныгы ок менен бутуна аткан палестиналык бир кишинин ооруканага жаткырылышына тоскоол болду.

1186524

Палестиналык Фатма Сүлейман Батыш Шериадагы Бейтүллахим шаарынын түштүгүндө орун алган Такку аймагында кечээ эрте менен бир еврей отурукташуучу колдонгон унаанын сүзүшү менен каза болду. Бул окуяга каршы чыгуу үчүн чогулган палестиналыктар Израиль күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен беттешти.

Израиль күчтөрү митингге катышкан палестиналыктарды таркатуу үчүн чыныгы жана пластикалык ок менен көздөн жаш агызуучу газ колдонду.  Кийлигишүү учурунда азырынча ким экендиги белгисиз бир палестиналыктын бутуна чыныгы ок менен атышты.

Израиль күчтөрү атылган палестиналыкты камоого аракет кылып, тегеректеги палестиналыктар да жаралууну ооруканага алып барууну каалады. Жардам берүүгө аракет кылган палестиналыктарга курал кезеген Израиль аскерлери бир канча убакыт жараланган жаш палестиналыктын ооруканага алып барылышына уруксат берген жок. Андан кийин араларында аялдар да болгон палестиналыктар жаралуу кишини Израиль аскерлеринин колунан алып ооруканага жаткырышты.

Тектеш кабарлар