Түрк суучулдары Мосулдагы иштерин аяктады

Мосулдагы издөө-куткаруу иштерин бүтүргөн биринчи класстагы суучул топ, Аба күчтөрү командирлигине таандык учак менен Эл аралык Эрбил аэропортунан Стамбулга аттанды.

1186140
Түрк суучулдары Мосулдагы иштерин аяктады

Түркиянын деңиз күчтөрү командирлигине караштуу 20 кишилик суучулдардан турган топ, Ирактын Мосул шаарындагы Тигр дарыясында болгон паром кырсыгынан кийин башталган издөө-куткаруу иштерин аяктап Түркияны көздөй бет алды.

Мосулдагы издөө-куткаруу иштерин бүтүргөн биринчи класстагы суучул топ, Аба күчтөрү командирлигине таандык учак менен Эл аралык Эрбил аэропортунан Стамбулга аттанды.

Тигр дарыясында жаман аба-ырайы жана суунун деңгээлинин жогорулаганына карабастан 20 күн бою тынымсыз иштеген түрк суучулдар 3 кишинин жансыз денесин чыгарды.

Түркиянын Эрбилдеги башкы консулу Хакан Карачай, Түрк суучулдар тобунун узатылган учурунда, Мусулда 100дөн ашуун киши каза тапкан паром кырсыгынан кийин Түркиянын Ирак калкына жардам колун сунганын айтты.

Түрк суучулдарынын 3 кишинин сөөгүнө жеткенин эске салган Карачай, команданын милдети бүгүн аяктаганын жана Түркияны көздөй учуп кеткенин айтты.

Ирактын Мосул шаарында 21-мартта бир паромдун чөгүп кетишинин себебинен 100 чакты киши каза болгон.

Окуяда 60 киши өз аракеттери менен кутула алган, жоголгон 100дөй кишини издөө-куткаруу иштери башталган болчу.



Тектеш кабарлар